Биз менен байланышыңыз

УКМК өлкө жетекчилигине кол салууну көздөгөн чет өлкөлүк кримтөбөлдөрдү кармады

Кыска кабар | 23 Мар 2024 | 314 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтордун 5 мүчөсүн кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта кармалгандардын баары Азербайжандын жарандары экени айтылат.

«Азербайжандын жарандары болгон В.М. Алиев, С. А. Багхиров, М. О. Асгаров, М. С. Бехбудров жана З.И. Маммадов кармалды. Алынган ыкчам маалыматтар боюнча М.О. Асгаров криминалдык чөйрөдө «селсаяк» (бродяга) статусуна ээ», — деп айтылат билдирүүдө.

Кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү Асгаров Кыргызстандын уюшкан кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлүп жаткан саясатына байланыштуу өлкөнүн жетекчилигине кол салууну уюштуруу үчүн өзүнүн аталган шериктери менен КР аймагына келген. Тактап айтканда Кыргызстан УКТ мүчөлөрү кылмыштуу идеологиядан массалык түрдө баш тартып, мамлекеттин саясатын колдоо боюнача жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын фонунда чет элдик криминалдык лидерлердин нааразычылыгын жараткан , — деп кошумчалайт УКМК.

Буга байланыштуу УКМК 22-мартта ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп, жыйынтыгында жогоруда аталган адамдардын бардыгы кармалган. Учурда аларды КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM