Биз менен байланышыңыз

Москвадагы теракт: каза тапкандардын саны 93кө жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Мар 2024 | 318 | 0

Москва облусундагы «Крокус-Сити Холл» имаратындагы теракттан улам каза тапкандардын саны 93кө жетти. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.

Ал эми алардын өлүм себептери октон алган жаракат жана иске уулануу деп айтылды. Каза тапкандардын үчөө жаш балдар. Жаракат алгандардын саны 180ден ашык. Анын ичинде сегизи жаш балдар.

«Крокус Сити Холл» имаратына куралдуу кол салууну уюштурууга шектүү эки адам кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр Брянск облусунда кармалган. Алардын төртөө качып кетүүгө үлгүргөн. Учурда атайын кызмат качып кеткендерди кармоо боюнча издөө жарыялады.

Кармалган эки шектүү Тажикстандын жарандары экени айтылууда. Орусиянын атайын кызматы алардын окуяга тиешеси бар же жоктугун текшерүүдө.

22-март кечинде Москвадагы «Крокус-Сити Холл» имаратында бир канча камуфляжчан адамдар автоматтан ок чыгарган. Күбөлөрдүн айтымында теракт башталган убакта бир канча жарылуунун да үнү угулган. Натыйжада имараттын бир бөлүгүндө өрт чыккан. Өрт учурда толугу менен өчүрүлгөн.

Орус бийлиги муну теракт деп атады.

Copyright © 2017 Maral FM