Биз менен байланышыңыз

Москвадагы теракт: каза тапкандардын саны 60тан ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Мар 2024 | 1003 | 0

22-март кечинде Москвадагы «Крокус-Сити Холл» имаратында бир канча белгисиз кишилер элге карата ок чыгарды.

Камуфляждагы адамдар автоматтан ок чыгарып, акыркы маалыматтар боюнча каза тапкандардын саны 60тан ашты. Ал эми жаракат алгандардын саны 140тын тегерегинде.

Орус бийлиги муну теракт деп атады. Күбөлөрдүн айтымында теракт башталган убакта бир канча жарылуунун да үнү угулган. Натыйжада имараттын бир бөлүгүндө өрт чыккан.

Куткаруучулар имараттын жер төлөсүндө калып кеткен 100дөй адамды аман-эсен куткарганы да айтылды.

Соңку маалыматтар боюнча, теракт учурунда эки кыргызстандык жаран да жабыркаганы маалымдалды. Маалыматтарды Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тактап жатканын билдирди.

Москвадагы теракт: эки кыргызстандык жабыркады деген маалымат тастыкталган жок

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM