Биз менен байланышыңыз

Москвадагы теракт: эки кыргызстандык жабыркады деген маалымат тастыкталган жок

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Мар 2024 | 343 | 0

Москвадагы терактта эки кыргызстандык жабыркады деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын Москва шаарындагы элчилиги “Крокус Сити Холлдо” болгон каргашалуу окуяда жабыркаган жарандар тууралуу маалыматты тактоо иштерин жүргүзүүнү улантууда.

Белгилей кетсек, 22-мартта Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында куралдуу кол салуу болгон. Анда «Пикник» тобунун концертинин алдында белгисиз бирөөлөр автоматтан ок чыгарган.

Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) маалыматына караганда, каргашалуу окуядан 60 адам каза болуп, 140тан ашуун киши жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM