Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын футболчулары Кытайдын Тайбэй командасын утту

Кыска кабар , Спорт | 21 Мар 2024 | 636 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кытайдын Тайбэй командасын 2:0 эсебинде утуп алды.

Оюн 21-мартта Гаосюн шаарынын «Наньцзы» стадионунда 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын Азия аймагы боюнча тандоо раундунун 3-турунун алкагында өттү.

Оюндун 24-мүнөтүндө экинчи сары айып кагазын алып калган Саид Дациев оюн талаасынан чкты. Команда оюндун калган бөлүгүн бир футболчуга кем ойнойду. Кай Мерк 54-мүнөттө пенальти иштеп, аны команда капитаны Валерий Кичин ийгиликтүү ишке ашырды.

Андан соң Кай Мерк гол киргизди. Ошентип, беттеш 2:0 эсеби менен улуттук кураманын пайдасына аяктады.

26-мартта бул командалардын ортосунда Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун 4-тур оюндары Бишкекте өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM