Биз менен байланышыңыз

«Чет элдик өкүл» мыйзамы: Отуздан ашык эл аралык уюм президентке кайрылды

Кыска кабар | 21 Мар 2024 | 292 | 0

Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга вето коюу өтүнүчү менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго 31 эл аралык уюм кайрылуу жолдоду.

Алардын баамында, мыйзамдын кабыл алынышы өлкөнүн жарандык коомуна катуу сокку урушу мүмкүн.

Укук коргоо уюмдарынын кайрылуусунда айтылгандай, «Чет элдик өкүл» мыйзамы Кыргызстандын демократия жана адам укуктарын коргоо жаатында жетишилген ийгиликтерине доо кетирет жана анын эл аралык имиджине терс таасирин тийгизет.

«Биз Кыргызстандын жана элдин жыргалчылыгы үчүн сунушталган өзгөртүүлөргө вето коюуга чакырабыз», — деп айтылат кайрылууда.

Жогорку Кеңеш 14-марттагы жыйынында «Чет элдик өкүл» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алган.

Документ коммерциялык эмес уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, чет өлкөлүк өкүл катары иш алып барган жана чет өлкөлүк булактардан каржыланган коммерциялык эмес уюмдардын акча каражаттарын ачыктыгын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорунан кылмыш жоопкерчилиги алып салынган. Документке президент кол кое элек.

Президентке кайрылуу жолдогон ири эл аралык уюмдардын арасында Amnesty International баштаган уюмдар бар.

Copyright © 2017 Maral FM