Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 21-март күнү жаап жаткан нөшөрлүү жаанга байланыштуу, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында сел жүрүү кооптуулугу бар экендигин эскертти.
Кырсыктардын алдын алуу жана адам өмүрүн сактоо, материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында Жарандык коргонуу кызматтарынын күч-каражаттарын даярдыкта турууну эскертет.
21-22-март күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экендигин эскерткен.