Биз менен байланышыңыз

Жапаров Ноорузга карата куттуктоосунда суу маселесин көтөрдү

Кыска кабар | 21 Мар 2024 | 273 | 0

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 21-март Нооруз майрамы менен куттуктады.

Ал суу маселесин көтөрүп, былтыр өлкө аймагындагы сугат каналдары тазаланса, быйыл каналдар курулуп, ирригациялык курулмаларды оңдоо, айылдарды таза суу менен камсыздоо системасынын курулушун жүргүзүүгө басым жасаларын айтты.

Ошондой эле быйыл бир катар ГЭСтер куруларын кошумчалады.

“Өлкөбүздүн башкы жаратылыш байлыгы болгон сууну жана энергетикалык ресурстарды сарамжал, туура пайдаланууну башкы максат кылып келатабыз.

Борбор Азияда суу башы атыккан мамлекетибизде быйыл ГЭСтердин кубаттуулугун арттыруу, модернизациялоо жаатында дагы бир топ натыйжалар күтүлүүдө. Жакында “Бала-Саруу” чакан ГЭСинин ачылышын жасайбыз. Ал эми “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу долбоору быйыл конкреттүү иш-чаралар менен коштолот. Бул ГЭС эл аралык “КАСА-1000” долбоорунун алкагында Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүгү кыйла артат” , — деди Садыр Жапаров.

Мындан тышкары, салыктан бошотуу сыяктуу жеңилдиктер Кыргызстанга инвесторлордун келишин шарттаганын айтты.

Кыргызстанда бүгүн Нооруз майрамы белгиленүүдө. Өлкө башчысын жана кыргызстандыктарды бир топ өлкөлөрдүн башчылары куттуктап жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM