Биз менен байланышыңыз

УКМК: 12 миң доллар пара талап кылууга шектелген судья кармалды

Кыска кабар | 21 Мар 2024 | 288 | 0

Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы кармалды.

УКМК билдиргендей, 20-мартта Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы К.А.К. жана ортомчу болуп иштеген адвокат Г.М.В. 12 миң АКШ долларын опузалап талап кылгандыгы аныкталган.

Жүргүзүлүп жаткан атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө судья жактоочу менен жашыруун сүйлөшүү  жүргүзүү максатында, видеокөзөмөл камералары жок болгон жерлерде, тагыраагы өзүнүн дааратканасында жолугушууларды өткөргөндүгү, ал жерде соттук актыларды алардын пайдасына оң чыгаргандыгы үчүн айрым айыпталуучулардан алган акчалай сый акыларын өз ара бөлүштүргөндүгү такталган.

21-мартта судья Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен 20-майга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда УКМК Жогорку соттун жетекчилиги менен биргеликте сот бийлигиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM