Биз менен байланышыңыз

Сокулукта 13 жаштагы кызы зордукталып жүргөн ата-эне акыйкатчыга кайрылды

Кыска кабар | 20 Мар 2024 | 349 | 0
Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Чүйдүн Сокулук районунда бир жылдай убакыттан бери тогуз эркек тарабынан зордукталып жүргөн 13 жаштагы кыздын укуктарын коргоону камсыз кылуу үчүн Башкы прокурордон, ИИМдин жетекчилигинен тез арада чара көрүүнү талап кылды.

Бүгүн, 20-мартта кыздын ата-энеси Акыйкатчынын жеке кабылдамасында болуп, кызынын укугун коргоп берүүнү өтүндү. Алар укук коргоо органдары күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн чара көрбөй жатышканын айтып арызданышкан.

Балдар кыздын үй-бүлөсүн да коркутуп келгени, секелек кыз бул убакытта үч жолу өз жанын кыюууга аракет кылганы айтылды.

«Жабырлануучулардын айтуусу боюнча Сокулук райондук милициясы тарабынан ушул жылдын февраль айынан бери күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракети көрүлбөй жатат. Кыздын ата-энеси кызын сактап калууга жана адилеттик табууга аракет кылууда» , — деп айтылат Акыйкатчынын маалыматында.

Кыздын психологиялык абалы оор экени, учурда ооруканада экени белгилүү болду.

Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, Сокулукта дагы эки жашы жете элек кыздын боюна бүтүп, 9 жигиттин бири алардын бири менен «нике» кыйдырган. Экинчи кыз таенеси менен жашайт, ата-энеси мигрант.

Акыйкатчы кыздын укуктарын жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн токтоосуз чара көрүү талабы менен тиешелүү мамлекеттик органдарга расмий каттарды даярдап жатат.

Акыйкатчынын тапшырмасы менен кыздын ата-энесине акысыз жактоочу берилди, ошондой эле кызга жана анын үй-бүлөсүнө психологиялык жардам көрсөтүү чаралары көрүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM