Орусиялык «Победа» авиакомпаниясынын учактары Кыргызстанга каттай баштайт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынын маалымат кызматы кабарлады.
Москва (Внуково аэропорту) – Ош багыты боюнча каттамдар 26-апрелде башталып, күн сайын каттайт.
Бул багытта билеттер сатылып жатканы кабарланды.
«Победа» — «Аэрофлот» тобунун бюджети төмөн — арзан авиакомпаниясы. Аталган авиакомпания Москванын Внуково жана Шереметьево аэропортторунда жайгашкан.
Ташуучунун паркы эконом класстагы кабиналары бар Boeing 737-800 учактарынан турат. Кыргызстан «Победанын» алтынчы эл аралык багыты болуп калат, учурда ал Түркия, БАЭ, Беларусь, Армения жана Өзбекстанга каттайт.