Биз менен байланышыңыз

24.kg маалымат агенттигинин ээси белгилүү болду

Кыска кабар | 19 Мар 2024 | 253 | 0

Алмасбек Турдумаматов 24.kg маалымат агенттигинин жетекчиси жана ээси болду. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин маалыматында белгилүү болду.

Министрликтин сайтындагы маалыматтар 19-мартта жаңыланды.

15-мартта аталган басылмага Гүлжан Шерипбаева жетекчи болгону айтылган. Шерипбаева өзү 24.kg маалымат агенттигине эч кандай байланышы жоктугун, жетекчилик кызмат сунушташканда баруудан баш тартканын билдирген.

Алмасбек Турдумаматов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин маалымат кызматынын жетекчиси болгону белгилүү.

Быйыл 15-январда УКМК кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесине тинтүү жүргүзүп, эшигине мөөр басып кеткен. Ошол эле күнү Кылмыш-жаза кодексинин 407- беренеси (согушка үгүттөө) менен козголгон иштин алкагында агенттиктин жетекчилиги сурак берип чыккан. Кеңсени кайра ачтыруу боюнча өтүнүч арызды Свердлов райондук соту да, Бишкек шаардык соту да четке каккан.

Агенттик 2006-жылдан бери иштеп келет, жакында 18 жылдык мааракесин белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM