Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров молдолор боюнча айткандарына түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 19 Мар 2024 | 244 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агенттигине маек куруп, аалымдар жана даават боюнча айткандарына түшүндүрмө берди.

Эске салсак, президент жаңы шайланган муфтий Абдулазиз Закировду 13-мартта кабыл алган. Ислам дининин салттуу баалуулуктарына туура келбеген айрым көрүнүштөргө тынчсыздануусун билдирип, ханафий мазхабын кармануу зарылчылыгына басым жасоого чакырган.

«Азыр шаарларда же айылдарда болобу, билимдүүсү деле, билимсизи деле башка улуттун кийимин кийип, көчө кыдырып, динди айтып жүргөнүн көрүп жүрөбүз. Коомчулук арасында жат маданияттын, чала сабаттуулуктун кесепетинен бүгүнкү күнү Ислам дини элдин көзүнө жаман көрүнүп, элдин саналуу бир бөлүгү башка баалуулуктарга ыктап кетүүдө. Өткөндө Арстан Алай өлгөндө бир молдо аны табалап, «каапыр өлдү» деген сыяктуу сөздөрдү айтты. Бул — абдан жат көрүнүш.

Дагы бирөөсү айтат, «Аялдын эти көрүнсө, базарда эт кымбаттайт», — деп, ушундай да молдолор бар. Дагы бири: «Бир туугандын балдары бири-бирине үйлөнө берсе болот», — деген сөз айтты. Бул абдан чала сабаттык деп эсептейм. Ислам мындай нерселерге чакырбайт. Ошондуктан тарбияга салып, сабаттуулугун жогорулатуу сыяктуу иштерди жасасаңыз», — деп айткан президент муфтийге.

Социалдык тармактарда президенттин айткандары сынга кабылган. Ага жооп берип, өлкө башчы дааватты колдой турганын, бирок алардын кийимине, билимине маани берүү керек экенин айтты.

«Муфтийди кабыл алганда дааватчылардын кийинген кийимдерин оңдойлу, башка өлкөлөрдүн салттарын сиңирбей, өзүбүздүн эле улуттук салттарды жайылталы, эң жок дегенде медресени бүткөн же ислам университетин аяктаган билимдүү балдарды дааватка чыгаралы деген сунушумду айттым. Эмне үчүн?

Мен республикабыздын ар булуң-бурчунан келген кишилерди көп кабыл алам. Өткөндө бир агайды кабыл алдым. Ал киши ушул дааватчылар жөнүндө кеп кылды. «Биздин айылга төрт-беш бала келип даават айтып жүрүшүптүр, албаа-далбаа болуп кийинип алышкан, анысы аз келгенсип, кийимдери кир, жогорку билимдери жок, болгону 11-класс билимдери гана бар экен. Сакалдары курсагына жеткен. Мен өзүм мугалиммин. Көп жыл мектеп директору болдум, менин дин боюнча билимим алардыкынан жогору болуп чыкты. Анан ошолор мага акыл үйрөтөбү?» — дейт. «Аларды уят кылып кетирдим. Ошондой көрүнүштөрдү бир жолго салсаңыздар жакшы болот эле. Ошондойлорду көрүп кээ бир башка диндеги жарандарыбыз биздин динибизди жек көрүп атышат», — деп, өзүнүн жакшы эле оюн айтты. Мен деле туура көрдүм. Ошол үчүн муфтийди кабыл алып, ушул темада баарлаштык. Мен дааватты колдойм.

Молдонун, ажынын баласымын. Дааваттын зыяны жок. Дааваттан 1990-жылдардан бери канча деген жарандарыбыз оң жолго түшкөнүн өз көзүм менен көргөм. Болгону дааватка чыккандарды зыңкыйтып кийинтип, сакал-муруттарын тегиздеп, билими толук, кандай гана суроолор болсо, жооп бере алгандарды жиберсек жакшы болот эле», — деди Садыр Жапаров.

Copyright © 2017 Maral FM