Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы «Жунда» мунай заводун быйыл күздө модернизациялоо пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров заводго барганда айтылды.
Өкмөттүн маалыматына караганда, өткөн жылдын ноябрь айында ишканада капиталдык оңдоо иштери башталган. Заводду мурдагы кубаттуулукта ишке киргизүү 2024-жылдын экинчи кварталына болжолдонууда.
Акылбек Жапаров «Жунда» мунай заводун ийгиликтүү ишке киргизүүгө колдоо көрсөтүүнү тапшырды.
Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү «Жунда» заводу 2018-жылы ишин токтоткон. Завод жылына 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан.