Биз менен байланышыңыз

Байсалов Газадагы аскердик аракеттерди токтотууга чакырды

Кыска кабар | 18 Мар 2024 | 139 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов  эл аралык коомчулукту Газадагы аскердик аракеттерди токтотууга чакырды.

Бул тууралуу ал Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган иш-чарада айтты.

«Алты айдан бери күн сайын дүйнө Газа калкынын методикалык түрдө жок кылынышына күбө болууда. Буга чейин 13 миң бала каза болгон. БУУнун 165 кызматкери жана 95 журналист набыт болду. Алардын көбү атайылап өлтүрүлгөн. Мунун баары документтештирилди.

Биз 2024-жылы болгон мындай геноцидди түз берүүлөрдөн көрүп жатабыз.

Эки миллион палестиналык ачарчылыктан жапа чегип, дүйнө эч нерсе кыла албай жатканын түз эфирден көрүп жатабыз. Кыргызстан терроризмди айыптайт. Октябрда биз Израилдин жарандарына кол салууну айыптаганбыз. Биз Израил элинин өзүн коргоо укугун тааныйбыз, бирок жөөт өкмөтү өзүн эл аралык укуктан жана Бириккен Улуттар Уюмунан жогору коюуга укугу жок.

Кыргызстан эл аралык коомчулукту жана биринчи кезекте Израилдин башкы демөөрчүсү Америка Кошмо Штаттарын бул акылсыздыкты жана геноцидди токтотууга чакырат» , — деди Байсалов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM