Биз менен байланышыңыз

Ырчы Аскат Жетиген тил каттын негизинде бошотулду (видео)

Кыска кабар | 18 Мар 2024 | 462 | 0

Бүгүн, 18-мартта акын, ырчы Аскат Жетигендин бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралды. Ал Кыргызстандын сыртына чыкпоо тил катынын негизинде сот залынан бошотулду.

Маалыматтарга караганда, Аскат Жетиген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Нарында кармалып, Бишкекке алып келинген. Ага видео билдирүүлөрүнөн улам «бийликти басып алууга чакырык жасаган»  деп шек менен 2022-жылы кылмыш иши козголгон.

УКМК аны 48 саатка камакка алганы 16-мартта белгилүү болгон.

Атайын кызмат расмий маалымат бере элек.

Аскат Жетиген белгилүү комузчу, акын жана композитор. Маалыматтарга караганда, 18 жашында «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык ансамблин жетектеп, 20дан ашык мамлекетте концерт койгон.

Кыргызстандын азыркы бийлигин сындаган бир катар видео кайрылуулары бар.

Төмөндөгү видео сот отурумунан кийин тартылган, активист Улан Үсөйүнгө таандык. 

Copyright © 2017 Maral FM