Биз менен байланышыңыз

Президент Путин Навальныйдын өлүмү кайгылуу окуя экенин айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Мар 2024 | 233 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин президенттик шайлоодон кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Навальныйдын өлүмүн «кайгылуу окуя» деп атады.

«Навальный мырзага келсек. Ооба, дүйнөдөн өтүп  кетти, бул дайыма кайгылуу окуя. Бизде түрмөдө адамдар каза болгон башка учурлар болгон. Бул сыяктуу  окуялар Америка Кошмо Штаттарында болгон жокпу? Мындай көрүнүш АКШда бир нече жолу болгон», — деди президент.

«Навальный мырза көз жумардан бир нече күн мурда айрым адамдар Батыш өлкөлөрүндө түрмөдө отурган айрым орусиялык адамдарга алмашуу идеясын айтышты. Маектешим сөзүн бүтө электе дароо макулдугумду билдирип, болгону «Ал артка кайтпашы керек» деген шарт койдум. Тилекке каршы, тагдыр ушундай болуп калды»,— деп кошумчалады Путин.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, саясатчынын жесири Юлия Навальная Орусияга келип, күйөөсүн көрүүгө мүмкүнчүлүк алган, бирок ал чет өлкөдө калууну туура көргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM