Биз менен байланышыңыз

Тажикстан Нооруз майрамын 24-мартта белгилейт

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Мар 2024 | 222 | 0

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынын мэриясы Нооруз майрамын белгилөөнү 24-мартка жылдырды.

Маалыматка ылайык, Дүйшөмбү шаарынын мэриясы Нооруз майрамын белгилөөнүн туруксуз аба ырайынан улам 21-марттан 24-мартка жылдырды. Тактап айтканда, 21-22-март күндөрү Тажикстанда туруксуз аба ырайы болуп, жаан-чачын болушу күтүлүүдө.

23-мартта шаардын парктарында ар түрдүү маданий иш-чаралар өтөт. Ал эми 24-март түштөн кийин Эгемендик аянтында «Нооруз карнавалы» аталышындагы театралдаштырылган концерт болот.

Дүйшөмбү мэриясы Нооруз мусулмандардын Ыйык Рамазан айына туш келгендиктен бардык иш-чаралар негизинен түштөн кийинки убакытка коюлганын да кошумчалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM