Биз менен байланышыңыз

Орусиядагы шайлоо: Путин 87,34% добуш менен алдыда баратат

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Мар 2024 | 284 | 0

Орусияда 15-марттан 17 -мартка чейин өткөн президенттик шайлоонун алдын ала эсептөөлөрү боюнча Владимир Путин алдыда баратканы жарыяланды. Саат 9:30га алынган маалыматка караганда, добуш берүүлөрдүн 99%ы саналып бүтүп, шайлоочулардын 87,34%ы Владимир Путинди колдогон.

Коммунистик партиядан ат салышкан Николай Харитонов шайлоочулардын 4,30% добуш алды, ал эми  «Новые люди» партиясы көрсөткөн Владислав Даванковго шайлоочулардын 3,80%ы добуш берген. Либерал-демократтар партиясынан жарышка чыккан Леонид Слуцкий  добуштардын 3,17% на ээ болду.

Эскерте кетсек президенттик шайлоо Орусияда 15- марттан 17-мартка чейин өттү. Учурдагы президент 71 жаштагы Владимир Путин президенттик шайлоого бешинчи ирет катышты. Орусиянын Конституциясына ылайык, мамлекет башчысы алты жылга шайланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM