Орозо айында Нарын шаарындагы базарда кургатылган курманын баасы кымбаттады.
Учурда жогорку сорттогу курманынын 1кг 1500 сомдон сатылып жатат. Ал араб өлкөсүнөн алып келинет. Соодагерлер орозо айында аталган жемишке суроо-талап көп болгондуктан баасы кымбаттаганын айтышкан.
Ал эми, Пакистандан алып келинген 2-3-сорттогу курмалардын баасы 180 сомдон 350 сомго чейин коюлган.