Биз менен байланышыңыз

Хоккей боюнча чемпионатта Кыргызстан Таиландга утулуп калды

Кыска кабар , Спорт | 15 Мар 2024 | 421 | 0

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнөлүк чемпионаттын экинчи дивизионуна жолдомо ала алган жок.

Ушул күндөрү Бишкекте 6 команданын катышуусунда үчүнчү дивизиондун (А тайпасы) командалары арасында Дүйнө чемпионаты өтүп жатат.

Төрт раунддун жыйынтыгы боюнча Таиланд курамасы командасы төрт оюнда тең жеңишке жетип, 12 упай топтоду, Турнирдин жүрүрушүндө Таиланддын курама командасы 1-орунду камсыздап, экинчи дивизионго чыгууга укук алды.

Кыргызстандын командасы төрт турдун жыйынтыгы менен 9 упайга ээ болуп, 2-орунду ээледи. Акыркы турдагы жыйынтыктарга карабастан кыргызстандын курама командасы турнирдик таблицада 2-орунда калды.

2025-жылы Кыргыз курама командасы кайрадан үчүнчү дивизиондун А тайпасында күч сынашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM