Акыркы мезгилде өлкөдө каржылоону Ислам принциптери менен жүргүзгөн насыя берүүчү мекемелер көбөйүп жатат.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов акыркы 5 жылда ислам принциптери менен каржылоо көрсөткүчү үч эсе өскөнүн билдирди.
«Акыркы 5 жылда өлкөдө ислам принциптери менен каржылоо үч эсе көбөйдү. Бүгүнкү күндө бул каржылоонун көлөмү 7 млрд сомдон ашат. 14 финансы-кредиттик мекеме бар. Анын ичинде бир гана коммерциялык жана мамлекеттик банктар эмес, ислам принциптерин сактаган банктык эмес каржы секторлору да көбөйүп жатат».
Ислам каржылоо системасы — ислам экономикасынын бир бөлүгү. Ал адатта «пайызсыз система» деп аталып, иш жүзүндө ислам укугунун башка тармактарын да өзүнө камтыйт.
Ислам каржылоо принциптери шарият өкүмдөрүнө жана эрежелерине негизделет, ошондуктан адаттагы каржы системасында кездешпеген өзгөчөлүктөргө ээ. Бул система ач көздүккө, кулчулукка эмес, адилеттүүлүккө, теңдикке жана өз ара кызматташтык идеясына негизделген.
Тобокелдиктерди бөлүштүрүү, реалдуу экономика менен байланышты эске алуу жана шариятка ылайык келүүсү: ислам каржылоосунун эң көрүнүктүү өзгөчөлүктөрү.
Ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүүдө каржылык сабаттын ролу канчалык? Исламда каржылык сабат боюнча эмнелер айтылган?
Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев ислам дининде каржылоо маселесине өзгөчө көңүл бурулуп келерин белгиледи.
«Пайгамбарыбыз (С.А.В.) ааламга бир гана намазды, орозону, зекетти, ажылыкты, ибадатты үйрөткөн эмес. Адамдардын бул дүйнөдөгү жашоосун ыңгайлуу, бактылуу кылууга эмне керек болсо, мисалы, үй-бүлөлүк баалуулукта, соода-сатыкта, мураста, айтор, баары Ислам дининде камтылган. Ар биринин өз тармагы бар. Исламдагы каржылоо маселесине да пайгамбар өзгөчө көңүл бурган. Каржылоо маселесинде «Дурус же чыныгы, чынчыл соодагер мени менен кыяматта бирге болот» деген. Бул мотивация катары айтылып жатат. Экинчиден, чынчыл соодагер болууга үгүттөп жатат. Бир тарап гана пайда көрүп, экинчи тарап зыян тартсын дегенди колдобойт. Эки тараптын тең пайдасына жана зыянына тең орток болууга үгүттөйт. Пайгамбар өзүнүн сахабаларына каржылык сабат боюнча чоң сабак берген пайгамбар болгон. Окуганды, жазганды билбесе да, Жараткандын аяты аркылуу, хадистер аркылуу өзү үйрөткөн инсан болгон. «Дурус, исламдын принциптерине ылайык келген соода-сатыкты адал кылды, ал эми сүткорлукту, пайызды арам кылды» деген хадистери бар».
Ислам каржылоосунун негизги принциптеринин бири сүткорлукка (риба) тыюу салуу болуп саналат. Риба сөзмө-сөз араб тилинен которгондо «өсүү», «сүткорлук», «көбөйүү» дегенди билдирет. Риба — шариятта акчаны же кээ бир товарларды карызга берүүдө же бүтүм түзүүдө каралган мыйзамсыз көбөйтүү. Пайызга акча берүү шариятта арам жана чоң күнөөлөрдүн бири болуп эсептелет.
Ислам дини акча топтоо, бай жана бакубат жашоого үндөйбү?
«Ислам дини «тиги дүйнө, акырет үчүн эртең өлө тургандай мамиле кыл» дейт. Эртең өлөсүң десе, эмне кыласың? Намаз окуйсуң, дуба кыласың. Ал эми «бул дүйнөң үчүн эч өлбөй тургандай аракет кыл» дейт. Бул деген соода-сатык, дыйканчылык кыласыңбы, бирок пайгамбардын бир хадисинде «Күчтүү мусулман алсыз мусулманга караганда Аллага жакыныраак, сүйкүмдүрөөк» дейт. Күчтүү мусулман – билими, материалдык абалы күчтүү болгондор. Ошондуктан экинчи бир хадисте «Берүүчү кол, башкача айтканда кайрымдуулук кылып жаткан кол алуучу колго караганда жогорураак» дейт. Демек, ислам дини мээнет кылып иштегенге, соода кылганга, акча тапканга, бай болууга үгүттөйт. Бирок ошол эле байлык Алла тарабынан берилип жатканын эстен чыгарбоо керек. Алланын акысын биринчи берүү менен жетим-жесирлердин же муктаждардын акысын берүү менен өзүнүн да соодасын кеңейтип, мүмкүн болушунча коомдогу мыкты инсандардын катарында болуу керек. Ырыскынын ондон тогузун Кудай соода аркылуу берген. Бул деген каржылык сабаттуулукка үндөп жатат. Байып, көөп кетип, текебер болуу эмес, «канчалык байыган сайын Жараткандын алдында жөнөкөй инсан экениңди эстен чыгарба» деген принцип эске алынат.
Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев ислам тарыхында каржылык сабаты жогору белгилүү инсандар көп болгонун айтат.
«Пайгамбардын сахабаларынан каржылык сабаты эң жогору болгон Абдуррахман ибн Ауф деп айта алам. Азирети Усман ибн Аффан да каржылык жактан сабаттуу болгон. Биз билгенден да абдан көп. Пайгамбарыбыздын жубайы Хадича энебиз да бар. Ал мыкты соодагер айым болгон. Азирети Усман бай адам болгон. Абдуррахман ибн Ауф Меккеден Мединага соодасын таштап келген. Меккеде эң бай адам болгон. Көчүп келгенде мединалыктар тосуп алып, «Үйүбүздүн бирөөсүн берели, акча берели», – дешкенде, «Жөн гана базардын жолун көрсөткүлө», – деген. Базарда соодасын нөлдөн баштап отуруп, кыска убакыттын ичинде Мединанын эң бай адамдарынын катарына кирген, эң көп кайрымдуулук кылган. Адам канчалык бай болсо, ислам принциптерине ылайык, марттыгы да күчтүү болушу керек. Кайрымдуулук күчтүү болсо, бергенин берип отурат, береке да болот. Ошондуктан биз буга ишенебиз. Соодагерлерди ушуга үндөйбүз. Байлык бир гана соода менен келбейт. Бүгүнкү күндө акылы менен байыгандар да көп. Ушунун бардыгы кайсы бир деңгээлде жалкоолукка, бирөөнүн эсебинен жашаганга, бирөөнүн колун карап жашаганга, тилемчилик кылып жашаганга бөгөт коёт. «Дүнүйөнү жүрөккө байлабагыла, капчыкка байлагыла. Болбосо байыган сайын адамдык сапатты жоготуп аласыңар», – деген пайгамбарыбыз».
Адистер каржылык көндүмдөрдү калыптандырууда жана акчаны туура пайдаланууда депозит ыкмасын да сунушташат.
Ислам дини акчаны депозитке салууга кандай карайт? Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев буга төмөндөгүдөй жооп берди.
«Бүгүнкү күндө мудараба аркылуу депозитке акча салып жатышат. Исламдык каржылоо принциптерине ылайык болот. Биздин Ислам финансы борборунда атайын депозит ачканбыз. Пенсия курагындагылар келет, соодагерлер белгилүү бир акчасын салып коюшат. Эки пайыз менен көбөйүп турат. Аны пайыз деп атоодон алысмын. Ал акчаңыз адал соодаларга иштетилет, айланат. Ошонун эсебинен пайда көргөндөр банктын убада кылган келишиминин негизинде пайданы көрө баштайт. Бирок пайдасына да, зыянына да тең ортоктош болушу керек деген маселе бар».
Ислам каржылоосунун дагы бир маанилүү принциби – келишимдердеги гарар деп аталган бүдөмүккө тыюунун салынышы. Гарар — тараптар ортосунда талаш-тартышка алып келиши мүмкүн болгон келишимдеги ашыкча белгисиздикти же күмөн саноого негиз болгон жагдайларды билдирет. Гарар боюнча коюлган шарияттын эрежелерин жана принциптерин сактабоо келишимдерди жараксыз кылат жана ошол келишимдерден алынган кирешени арамга айлантышы мүмкүн.
Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев ислам дининде акчаны сарамжал пайдалануу керектигин айтты.
«Динде акчаны сарамжал пайдалануу деген бар. «Ким сарамжал пайдаланган болсо, ал бай болот» деп айтылат. Ким акчаны үнөмдөп, максаттуу нерсеге иштетсе, анда ал жашоосунан ырахат алат. Тескерисинче, байлыгын, акчасын жөн эле бош нерсеге чачып салгандарды динибиз сындайт. Бул туура эмес деп айтабыз. Акча канчалык көп болсо да, аны туура пайдалануу өтө маанилүү. Мисалы, «Жакшылык иштерде ысырап болбойт» дейт. Бирок ысырапта да жакшылык болбойт. Мээнет кылып тапкан акчасын оюн-зоокко, арам иштерге, той-топурлар да толуп кетти, элди ыраазы кылам деп чачкандар көбөйдү. «Анын ордуна билим берүү тармагына, кайрымдуулукка, пайдалуу иштерге жумшаса жакшыраак болот» деген кеңештерди айтып жүрөбүз».
Жогоруда айтылган принциптерге таянып, бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында бир нече банк жана башка финансы-кредит уюмдары ислам принциптери боюнча каржылашат жана алардын саны күн санап өсүүдө.