Биз менен байланышыңыз

Парламент «чет элдик өкүл» мыйзам долбоорун колдоду

Кыска кабар | 14 Мар 2024 | 178 | 0

Жогорку Кеңеш 14-марттагы жыйынында «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

66 депутат макул, бешөө каршы добуш берди.

Документ коммерциялык эмес уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, чет өлкөлүк өкүл катары иш алып барган жана чет өлкөлүк булактардан каржыланган коммерциялык эмес уюмдардын акча каражаттарын ачыктыгын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорунан кылмыш жоопкерчилиги алып салынган.

Юристтер бул мыйзам долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигине, жарандык жана саясий укуктарды жайылтуу менен алектенген бейөкмөт уюмдардын ишине коркунуч жаратарын белгилешет.

Бир катар эл аралык уюмдар Жогорку Кеңештин депутаттарын «чет элдик агент» жөнүндөгү мыйзамды четке кагууга чакырышкан.

«Чет элдик өкүл» мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары Надира Нарматова, Султанбай Айжигитов, Жамиля Исаева, Жылдыз Садырбаева, Гүлшаркан Култаева, Жаныбек Кыдыкбаев, Кундузбек Сулайманов, Ханжеза Карим, Жусупбек Коргонбай уулу, Айбек Маткеримов, Таалайбек Сарыбашов, Фархат Исмаилов, Аманкан Кенжебаев, Искендер Матраимов, Замирбек Мамасадыков, Нурланбек Ражабалиев, Арсланбек Малиев, Жеңиш Токторбаев, Акылбек Түмөнбаев.

Copyright © 2017 Maral FM