Connect with us

Президент: Көлбаев менен Матраимовду кабыл алып, эскертүү бергем

Кыска кабар | 14 Мар 2024 | 318 | 0

Президент Садыр Жапаров “Кабар” мамлекеттик агенттигине маек куруп, саясатчы Азимбек Бекназаров, мурдагы бажычы Райымбек Матраимов, депутат Шайлообек Атазов тууралуу айтты.

Ал Матраимовду эки жолу кабыл алганын, биринчисинде мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев экөөнү кабыл алганын белгиледи. Жолугушууда Көлбаевге бизнести коркутууну токтотууну, Матраимовго крим чөйрөсү менен байланышпоону эскерткен.

«Мен Райым Матраимовду бир эмес, эки жолу кабыл алгам. Биринчисинде мыйзамдагы ууру Көлбаев экөөнү кабыл алгам. Ал жолугушууда Камчыбек Кыдыршаевич да болгон. Ошондо Көлбаевке катуу эскерткем: «Эски заманыңарды унуткула. Элди, бизнесмендерди тонобогула. Криминалдар бири-бириңерди өлтүрбөгүлө. Саясатчылардын, инвесторлордун бир тал чачы түшпөсүн. Мындан ары тынч, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жашагыла» деп. Тилекке каршы, элди тоноосу токтободу. Базарларда майда чүйдө бизнестерге чейин үлүшкө олтуруп алыптыр. Кээ бир бизнесмендердин мүлктөрүн тартып алган фактылар аныкталды.

Экинчисинде Райым Матраимовдун өзүн кабыл алып: «Эки миллиард төлөдүң, Элдьдорадо соода борборуң, 10 батириң жана башка оокаттарың мамлекетке өттү. Эми мындан ары тынч өз оокатыңды кыл. Криминалдарга аралашпа, алар менен дос болбо» деп айткам. Тилекке каршы, байланышын үзбөптүр да. Атайы кызматы анын криминал менен байланышкан иштерин таап чыгышты. Мурда эми өз эрки менен эки миллиард төлөгөндөн кийин деп канча мүлкү бар экенин андан ары казган эмес. Бул жолу башкаларга каттап койгон мүлктөрүнүн баарын таап чыгышты. Мамлекеттин пайдасына өткөрүп жатышат» , — деди президент.

Ал депутат Шайлообек Атазовдун «президент кабыл албайт» деген билдирүүсүнө токтолуп, баарына сылык мамиле жасап, эскертерин, көңүл бурушпаса өздөрүнөн көрүшү керектигин айтты.

Жогорку Кеңештин 13-марттагы жыйынында Шайлообек Атазов депутаттык мандатынын алынышы, Райымбек Матраимов менен байланышы, өзүнө карата каралоолор тууралуу билдирүү жасап, башкы прокурор Курманкул Зулушевди сындаган.

Copyright © 2017 Maral FM