Биз менен байланышыңыз

Жети-Өгүздүн бийлиги 181 млн 700 миң сомду мыйзамсыз сарптаган

Кыска кабар | 13 Мар 2024 | 175 | 0

Жети-Өгүз районунда 2021-2022-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, 181 млн 699 миң 700 сомдук каржылык бузуулар табылды. Бул тууралуу Эсептөө палатасы билдирди.

Мыйзамсыз коротуулар төмөнкүдөй белгиленген:

  • бюджеттин долбоорун түзүүгө жана кароого байланыштуу бузуулар — 593 миң 700 сом;
  • бюджетке каражаттардын келип түшүүсүн жана кайтарылышын камсыз кылуу боюнча чаралардын көрүлбөшү — 5 млн 919 миң 600 сом;
  • тиешелүү бюджеттерге которулбаган каражаттар — 364 миң 500 сом;
  • бюджеттен каражаттарды алуу, ордун толтуруу жана башка бузуулар — 718 миң 300 сом;
  • бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу  —  861 миң 800 сом;
  • капиталдык салымдарга жана курулуш иштерин аткарууга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы бузуулар — 7 млн 146 миң 700 сом;
  • милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо, бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашык жана тастыкталбаган  чыгымдар) — 1 млн 571 миң 800 сом;
  • бюджеттин аткарылышындагы башка кемчиликтер жана бузуулар — 853 миң 800 сом;
  • мүлктү сактоонун камсыздалбашы  —  81 млн 171 миң 700 сом;
  • мүлктү пайдалануудагы бузуулар — 12 млн 652 миң 700 сом;
  • мүлктү пайдалануудагы жана башка бузуулар — 5 млн 658 миң 900 сом;
  • бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик-укуктук актыларды бузуулар — 13 млн 27 миң 800 сом;
  • мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар — 51 млн 158 миң 400 сом.
  • Мындан тышкары  18 (он сегиз) башка жол-жоболук бузуулар аныкталган.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнө, райондун акимине, айылдык Кеңештин төрагаларына — отчет; аудит жүргүзүлгөн айыл өкмөттөргө, мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар, сунуштар жөнөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM