Connect with us

«Казакстан Кыргызстандан келген продукциянын жүгүртүүсүн чектейт». Депутат реакция кылууну өтүндү

Кыска кабар | 13 Мар 2024 | 371 | 0

Жогорку Кеңештин 13-марттагы жыйынында депутат Кубанычбек Самаков Казакстандын Соода миннистрлиги Кыргызстанда лицензиясы бар продукцияларга тыюу салуу сунушу боюнча маселе көтөрдү.

Ал министрлер кабинети Казакстандын бул токтомуна дароо реакция кылып, чара көрбөсө экономикага терс таасири тийиши мүмкүн экенин айтты.

«Казакстандын Соода министрлиги 2024-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстанда лицензияланган продукцияны колдонууга бөгөт коюп жатканы тууралуу маалыматтарда тарады. Ушундай токтом кабыл алынып кала турган болсо Кыргызстандын жалпы экономикасына, тартылып жаткан инвестицияга чоң залакасы тиет. Өкмөт буга реакция кылып, Казакстандын токтомуна бөгөт коюп калышыбыз керек» , — деди депутат.

«Казинформ» агенттиги үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта Казакстан Кыргызстанда лицензиясы бар продукцияны жүгүртүүгө, чыгарууга тыюу сала турганын жазган.

Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча комитети Кыргызстанда сапатты камсыздоо органдары шайкештикти баалоо боюнча документтерди «мыйзам бузуулар менен жана тиешелүү сыноолорду өткөрбөстөн» беришет деп билдирген.

Кыргызстанднын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Kaktus.media сайтына комментарий берип, тоскоолдук катары баалады жана маселени чечүү үчүн сүйлөшүү жүргүзүлөрүн айтты.

Copyright © 2017 Maral FM