Биз менен байланышыңыз

Нетаньяху Рафахтагы аткылоону токтотпоого убада берди

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Мар 2024 | 267 | 0

Израилдин премьер-министри Хамаска каршы ишти бүтүрүү үчүн Рафахка кургактык күчтөрү менен чабуул коюу ниетин дагы бир жолу кайталады. Израилдин тарапташы АКШ Рафахта баш калкалаган 1 миллиондон ашык жайкын тургундарды коргоо боюнча ишенимдүү план жок деп билдирди.

Иордандын батыш жээгинде оккупацияланган Женин качкындар лагеринин жанында палестиналыктар менен израилдик аскерлердин ортосунда катуу салгылашуулар уланууда.

Оккупацияланган Чыгыш Иерусалимде палестиналык үч карапайым тургун израилдик аскерлер тарабынан атып өлтүрүлдү, алардын арасында өспүрүм бала да бар.

7-октябрдан бери Израилдин Газага жасаган кол салуусунан кеминде 31 миң 184 палестиналык каза болуп, 72 миң 889 киши түрдүү оор жаракаттарды алышты. Израилде Хамастын 7-октябрдагы чабуулунан каза болгондордун саны 1139га жетти жана ондогон адамдар туткунда калууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM