Биз менен байланышыңыз

Аба ырайына байланыштуу жарык берүү кайрадан үзгүлтүккө учурашы мүмкүн

Кыска кабар | 12 Мар 2024 | 289 | 0

Аба ырайына  байланыштуу алдыңкы күндөрү жарык берүү кайрадан үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Бул тууралуу «Маралга» Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Күн сууктаса, жашоочулар жылыткыч сая башташы мүмкүн. Мындан улам электр энергиясын берүүчү жабдууларга күч келсе, айрым жерлерде 1-2 саатка свет өчүшү ыктымал.

«Алдыда аба ырайынын бузулушу тууралуу маалымат болууда. Жети облуста тең өчөт деп айта албайбыз. Себеби кайсыл аймактагы жабдууга күч келсе ошол аймакта бир-эки саатка өчүшү мүмкүн».

Министрлик жарыкты өчүрүүлөр боюнча берген түшүндүрмөсүндө Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин гидроагрегаттарын оңдоо башталгандыктан электр станцияларынын кубаты 290 МВтка кыскарганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM