Биз менен байланышыңыз

Министр БУУда Кыргызстандагы аялдардын укугу тууралуу баяндама жасайт

Кыска кабар | 12 Мар 2024 | 127 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 68-сессиясына катышат.

Дүйнөнүн 190дон ашуун өлкөсүнөн барган уюмдардын делегаттары гендердик теңчиликке жетишүүнү тездетүү, жакырчылык менен күрөшүү, аялдар менен кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерин талкуулашат.

Министр Гүлнара Баатырова аялдардын жана кыздардын абалы, ошондой эле Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү жаатында жүргүзүлүп жаткан саясат жөнүндө баяндама жасайт.

Сессияга министрден тышкары, Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева, Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева, финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева, Эмгек министрлигинин бөлүм башчысы Гүлмира Окоева катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM