Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын соттук териштирүүлөрүнүн создугуп жатканына өздөрү күнөөлүү. Бул тууралуу Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Төраганын айтымында, алар камакка алынгандан кийин тергөө иштери бир нече ай убакытты алып, кылмыш иштин көлөмү 60 том болгон. Андан кийин иш райондук сотко өтүп, сегиз айдан бери каралып келе жатат.
Замирбек Базарбеков камалгандардын ишин райондук инстанциядан өткөрүп, кийинкисине жылдырууга өздөрү да кызыкдар экенин, камакта кармап жата берүү ойлорунда жоктугун айткан.
«Бир күнү камактагы бирөөсүнүн авдокаты келбей калат, башка күнү камактагылардын арасынан бирөөсү ооруп калат, же атайылап адвокатын жибербей коёт, же сотто «биздей баатырлардан тукум алып калгыла» деген сыяктуу «шоу» кылышат. Андыктан соттук териштирүүнүн созулуп кеткенине биринчи кезекте камактагылар өздөрү күнөөлүү. Мыйзамдарда каралган атайын процедуралык ченемдер бар. Ошолордун талабына ылайык, соттор отурумду улам кийинкисине жылдырууга аргасыз болушат. Айыпкерлердин жана алардын жактоочуларынын өтүнүчтөрү боюнча ишти кароо 20 жолу кийинкиге жылдырылыптыр, бул расмий факт. Мисалы, бирөөсүнүн адвокаты ооруп калса, сот ишти карай берем десе, ага башкалары эч качан макул болбойт. Эмнеге минтип өздөрү создуктуруп жатышканы биз үчүн да түшүнүксүз», — деди Базарбеков.
Жогорку Соттун төрагасы ошондой эле Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандарга тергөөдө угузулган айыптар өтө оор кылмыштардын тобуна кирерин, андыктан үй камагына чыгарууга болбосун белгилеген. Аны менен катар Бектур Асановду үй камагына чыгаруу чечими ооруканадан операция жасалышы зарыл болгондуктан кабыл алынганын айткан.
Базарбеков муну менен катар митинг-акцияларды уюштуруу сотторго кысым болуп каларын, жарандар мамлекеттин атынан чыккан чечимдерге баш ийиши керектигин кошумчалаган.