Биз менен байланышыңыз

Байден Польшанын лидери менен НАТОну каржылоо боюнча жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Мар 2024 | 254 | 0

Бүгүн, 12-мартта АКШ президенти Жо Байден Польшанын президенти жана премьер-министри менен Вашингтондо жолугуп, Украинанын Орусуяга каршы күрөшүндө тилектештигин көрсөтүү жана Москвадан күтүлгөн коркунучка каршы НАТОну каржылоону көбөйтүү жолдорун талкуулайт. Бул тууралуу «Рейтерс» агентиги жазды.

Жо Байдендин Польша тарап менен жолугушуусу Конгресстеги республикачылардын Украинага курал-жарак жана Израилге жардам берүү үчүн 95 миллиард доллар бөлүү токтомун токтотуп жаткан катаал учурга туш келди.

Ак үйдүн расмий өкүлүнүн айтымында, лидерлер Польшанын НАТОго кошулушунун 25 жылдыгын белгилешет жана «Орусия Украинага басып киргенден берки коргонууну тереңдетүүнү» талкуулашат.

Дуда «Вашингтон Пост» гезитине макала жазып, Владимир Путин орус экономикасын согуш режимине өткөрүп, ИДПнын 30%ын куралданууга бөлүп жатканына байланыштуу НАТОнун ар бир мүчө өлкөсүнө коргонуу чыгымдарын ИДПнын 2%дан 3%га чейин көбөйтүүгө чакырды.

«Орусиянын империалисттик амбициялары жана агрессивдүү ревизионизми Москваны НАТО менен да, Батыш менен да, акыр аягында бүткүл дүйнө менен тирешүүгө түртүп жатат», — деп жазган Дуда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM