Бишкек шаарында жолдордун чуңкурларын жамоо иштери жүрүп жатат. “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ахунбаев көчөсүндө, Юнусалиев көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин иш алып барууда.
Байтик-Баатыр көчөсүндө А.Токомбаевден Л.Толстойго чейин, Абдрахманов көчөсүндө Л.Толстойдон Чүй проспектисине чейин чуңкурлар жабылган.
11-мартта Абдрахманов көчөсүн бойлой Чүй жана Жибек-Жолу проспектилеринин ортосундагы тилкесинде иш жүрдү.
Байтик-Баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүндө 2001-2003-жылдары капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүн жабууга кепилдик мөөнөтү 5 жыл болгон.
Мэрия унаа тыгындарын болтурбоо үчүн альтернативдүү жолдорду колдонууну суранат.