Биз менен байланышыңыз

Унаа тыгынын жоюу. Бишкек мэриясы эвакуторлорду сатып алды

Кыска кабар | 12 Мар 2024 | 93 | 0

Бишкек шаарынын мэриясы жолдо тыгын пайда кылган мыйзамсыз токтотулган унаалар менен иштөө активдүү жүрүп жатканын, ал үчүн эвакуаторлор алынып келингенин кабарлады.

Борбор калаанын 36 аймагында муниципалдык унаа токтотуучу жайлар бар, анда унааларды коюуга болот. Мындан тышкары, унааларды шаардын көчөлөрүнүн тыюу салуучу белгилер жок жерлерине коюуга болот.

Ошондой эле, мэрия Ички иштер министрлиги менен бирге «Ураган» аппараттык-программалык комплексин колдонуу менен система иштеп чыккан. Аны менен борбор калаанын жолдорун бойлой айдап бара жатып, жол эрежесин бузган унаа ээлерин автоматтык түрдө каттап турушат.

Төмөндө муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын даректери:

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM