Биз менен байланышыңыз

«Трамп бийликке келсе, АКШ Украинаны каржылоосун токтотот»

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Мар 2024 | 267 | 0

11-мартта Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп менен жолугушту. Бул тууралуу «Рейтерс» маалымат агенттиги сайтына жазды.

Виктор Орбан кездешүүнүн жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик телеканалга маек берип жатып, «Дональд Трамп Украина-Орусия согушуна бир тыйын да бербейт, ошондуктан согуш бүтөт. Украина өз алдынча бутуна тура албасы айдан ачык. Эгерде америкалыктар акча, курал-жарак бербесе, анда европалыктар бул согушту өз алдынча каржылай алышпайт, ошондо согуш бүтөт», — деген пикирин билдирди.

Европа лидерлери: «Трамптын кезектеги президенттиги АКШнын Украинага да, НАТОнун аскерий биримдигине да колдоосун азайтат»,  — деп тынчсызданып келишет.

Виктор Орбан Киевге курал-жарак жөнөтүүдөн баш тартып, 2022-жылы орусиялык күчтөр Украинага басып киргенден бери Москва менен тыгыз экономикалык алакасын улантып келет. Евробиримдиктин Москваны изоляциялоо аракетине карабастан, Владимир Путин менен кездешүүдөн баш тарта элек. Акыркы жолу 2023-жылдын октябрь айында Путин менен Орбан Кытайда кездешип баарлашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM