Бишкекте каржы пирамидасы менен алектенген компаниянын негиздөөчүсү кармалды. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү билдиргендей, март айында милиция бөлүмүнө 100дөн ашык адамдан Chargefast компаниясынын кожоюндарына чара көрүүнү өтүнгөн арыз түшкөн. Арыздагы маалыматка караганда, компаниянын негиздөөчүлөрү «акчаңарды эки эсе көбөйтүп беребиз» деген шылтоо менен элден ири суммадагы акчаларды алышкан. Андан кийин убадаларын аткарбай качып кетишкен. Бүгүнкү күндө каржы пирамидасына алдангандар көбөйүп жатат. Экономисттер каржы пирамидасы өлкөнү кедей кылып, алар карапайым элдин артынан акча табарын айтып келишет.
Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов өлкөнүн аймактарында Chargefast деп аталган каржы пирамидасынан жабыр тарткандар көбөйүп жатканын айтып, уюштуруучуларына чара көрүүнү талап кылган.
«Урматтуу кыргызстандык жарандар, бекер акча деген болбойт. Канча жолу айтып жатабыз, каржы пирамидаларына алданбагыла деп. Болбой эле алданып калып жатасыздар. Өлкө аймактарында ишкана өтө күчтөнүп кеткенин алданып калган жүздөгөн адам айтып жатат. Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында, Токтогул шаарында, Ысык-Көл облусунда, Ош облусунда жана башка облустарда жабыр тарткандар бар экен. Укканыма караганда ишкананын эсебинде акча бар экен. Уюштуруучуларды таап, камакка алып, жабырлануучуларга кайтарып берүү керек».
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси менен (каржы пирамидаларын уюштуруу) иш козголуп, шектүүлөргө издөө жарыяланган.
Жүздөн ашык адамдын акчасын алдап кеткен компаниянын негиздөөчүсү Бишкек шаарынан кармалып, милициянын тергөө абагына камакка алынды.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын ага инспектору Нурлан Чолпонбай уулу өткөн жылы каржы пирамидасына байланышкан 358 кылмыш тергелгенин маалымдады. Анын 217си соттук кароого жиберилген, калган 98и боюнча тергөө уланып жатат.
«Каржы пирамидасына байланышкан кылмыш фактыларынын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында катталган, азыраагы Чүй, Баткен, Талас облустарында болгон. Ички иштер органдарына жалпысынан 350дөн ашуун адам кайрылып, алар тарткан чыгым 68 млн сомдон ашкан. Бул кылмыштар боюнча 40 адам жоопко тартылган. Биз Кыргызстандын калкын кайсы бир ишке акча салардан мурда терең ойлонууга, алдамчылардын торуна түшүп калуудан этият болууга чакырабыз».
Өткөн жылы президент Садыр Жапаров каржы пирамидасын жарнамалагандарды жоопко тартуу маселесин караган «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койгон.
Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин жоболорун актуалдаштыруу жана ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен каржы пирамидасын ачык-айкын, массалык маалымат каражаттарын жана интернет-ресурстарын колдонуу менен жарнамалоо үчүн жоопкерчиликти белгилөө, ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо каралган.
Мыйзамды бузгандарга 150 000-200 000 сомго чейин айып салынат.
Ал эми экономист Искендер Шаршеев каржылык пирамидалар элге катуу сокку берип жатканын айтат. Ал Кыргызстанга окшош өлкөлөрдү кедей кылууга түрткү берерин белгиледи.
Шаршеев каржы пирамидасында ортомчуларга гана акча түшөрүн, каржы пирамидасы – каржылык алдамчылыктын эң кеңири таралган түрлөрүнүн бири экенин айтты.
Экономист каржы пирамидасынын максаты, анын иштөөсү тууралуу кененирээк түшүндүрүп берди.
«Каржылык пирамиданын максаты эмнеде? Бул дагы «чёрная касса» сыяктуу ойнотуу. Ушундай пирамидада ортомчулар көп болушу мүмкүн. Алар акчаны жоготпойт, тескерисинче, табышат. 100 сомдук товарга 1000 сом төлөшөт. Адамдардын мээсине куюп, «силер да байыйсыңар, ортомчу болосуңар» деп алдашат. Негизги акчаны жоготкондор алдангандар болот. Алар ал акчаны кайра кайтара албай калышат. Себеби система ошондой жасалган. Негизи каржылык пирамидалар биздин өлкөдөй өлкөлөрдү өтө кедей кылат, элин алдайт, кыйнайт».
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылы каржы пирамидасы фактылары менен жалпысынан миңден ашык кылмыш иши тергелип, 765и соттук кароого жиберилген.
Ал эми жабырлануучулардын саны миңден ашык адамды түзгөн. Жалпы келтирилген материалдык чыгым 273 млн сомдон ашкан.
Каржы пирамидалары Бишкек, Ош, Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас облустарынын аймагында жүргүзүшкөн.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарга акчаны күмөндүү уюмдарга салуу кооптуу экенин эскертет.