Биз менен байланышыңыз

Кытай Палестинанын БУУга мүчө болуусун колдойт

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Мар 2024 | 239 | 0

Кытай Палестинанын БУУга толук кандуу мүчө болуусун колдойт. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И маалымат жыйынында билдирди. Бул тууралуу  Борбор Азия медиасы жазды.

«Биз Палестинанын БУУга толук кандуу мүчө катары кирүүсүн колдойбуз жана Коопсуздук кеңешинин айрым мүчөлөрүн бул маселеге мындан ары тоскоолдук жаратпашына чакырабыз. Биз абройлуу жана эффективдүү эл аралык тынчтык конференциясын өткөрүүнү, эки мамлекеттүү чечимди ишке ашыруу үчүн графикти жана мерчемдерди иштеп чыгууну сунуштайбыз», — деди ал.

 Кытайдын тышкы иштер министри уланып жаткан жаңжалды “адамзат үчүн трагедия жана цивилизация үчүн маскарачылык” деп атады. «Чыр-чатакты узартууну жана жайкын тургундарды өлтүрүүнү эч нерсе менен актоо мүмкүн эмес. Дүйнөлүк коомчулук тез арада ок атышууну токтотууну эң башкы приоритет кылуу жана гуманитардык жардамды өзүнүн биринчи миссиясы жана жоопкерчилиги катары көрсөтүү үчүн чукул жана чечкиндүү чараларды көрүшү керек –деп билдирди.

«Биз Палестина менен Израилдин ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн эки мамлекеттин гана эмес, жалпысынан арабдардын жана жөөттөрдүн да чөлкөмдө тынчтыкта ​ жашоосу үчүн эртерээк кайра баштоону жактайбыз. Кытай тынчтыкты калыбына келтирүү, адамдардын өмүрүн сактап калуу жана адилетсиздикти жок кылуу үчүн эл аралык коомчулук менен биргелешкен аракеттерди улантат», — деди Кытайдын Тышкы иштер министри.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM