Биз менен байланышыңыз

12-марттын аба ырайы

Кыска кабар | 11 Мар 2024 | 292 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 12-мартка караган түнү Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо, тоо этектеринде кар жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+5, күндүз +13…+18,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +16…+18 градус.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM