Биз менен байланышыңыз

Кайра шайлоо: Талапкер болууга арыз бергендердин саны үчкө жетти

Кыска кабар | 11 Мар 2024 | 237 | 0

№9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча дагы бир жаран депутат болууга талапкерлигин көрсөттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, пенсионер Бакир Бакытбек талапкер болууга арыз берген.

Буга чейин ушу округдан жеке ишкер Ганишер Бадалов талапкер болууга арыз берген.

Ал эми Алимберди Бегматов №2 Баткен округунан өзүн-өзү депутаттыкка талапкер катары көрсөтүүгө арыз түшкѳн. БШКнын сайтындагы маалыматка караганда, ал Кыргызстандын чек ара коомунун жетекчиси.

№2 Баткен бир мандаттуу жана №9 Кара-Суу округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалган.

Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 26-мартта аяктайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы 22-февралдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов жана Нурлан Ражабалиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Copyright © 2017 Maral FM