10-13-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашууда, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында;
Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда;
Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу️ унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;
Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында;
Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымдарында кар көчкү түшүшү мүмкүн.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.