Биз менен байланышыңыз

Европанын 4 өлкөсү Индияга 100 млрд долларлык инвестиция салат

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Мар 2024 | 230 | 0

Европанын Эркин Соода Ассоциациясы Индияга 100 миллиард доллар (77,8 миллиард фунт стерлинг) инвестиция салууну көздөөдө. Бул тууралуу ВВС сайты жазды.

Европанын Эркин Соода Ассоциациясына кирген өлкөлөр Норвегия, Швейцария, Исландия жана Лихтенштейн (Евробиримдикке кирбеген өлкөлөр).

Бул билдирүү Улуу Британия менен Индия акыркы эки жылдан бери эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан учурга туш келди.

Индиянын Премьер-министр Нарендра Моди билдирүүсүндө, бул келишим эки тараптын кызматташтыгын бекемдеп, гүлдөп-өнүгүүнү алып келерин айтты.

Келишим дээрлик 16 жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин түзүлдү. Бул келишимге ылайык, Индия төрт өлкөнүн өнөр жай товарларына импорттук тарифтердин көбүн алып салат.

Инвестициялар бир катар тармактарга, анын ичинде фармацевтикага, машина курууга жана өндүрүшкө жумшалышы күтүлүүдө.

«Келишим Европа өлкөлөрүнүн рынокко кирүүсүн жакшыртат жана бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүп, Индия менен ЕЭСА бизнесине тиешелүү рыноктордо өз иштерин кеңейтүүнү жеңилдетет.

Индия жана ЕЭСА нын төрт өлкөсү келишимди ратификациялашы керек, Швейцария келерки жылга чейин аны ратификациялоону пландаштырууда.

Акыркы эки жылда Индия Австралия жана Бириккен Араб Эмираттары менен соода келишимдерин түздү.

Өткөн жумада Улуу Британиянын соода министри Кеми Баденок Британия Индияда шайлоо өткөнгө чейин эркин соода келишимине кол коюшу мүмкүн деп божомолдоп, бирок бул татаал болорун айтты.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM