Биз менен байланышыңыз

Суданда Рамазан айында ок атышпоо келишими майнапсыз болууда

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Мар 2024 | 175 | 0

Судан армиясынын жогорку даражалуу генералы эгер ал согушуп жаткан жарым аскердик ыкчам топ жарандык жана коомдук жайларды таштап кетпесе, ыйык Рамазан айында элдешүү мүмкүн эмес экенин белгиледи. Бул тууралуу Рейтерс агенттиги жазды.

Армиянын колбашчысынын орун басары Ясер ал-Атта: «Армия борбордун бир бөлүгү болгон Омдурманда алдыга жылды», — деп белгиледи.

Аттанын билдирүүсү Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин ушул аптада башталган элдештирүү чакырыгынан кийин жасалды.

Аскерлештирилген  ыкчам топтун күчтөрү ок атышууну токтотуу чакырыгын кубаттаганын билдирди.

Армия командиринин орун басары Аттанын 10-март күнү армиянын расмий Telegram каналында жарыяланган билдирүүсүндө:

“Эгер аскердик ыкчам топ (АЫТ) күчтөрү өткөн май айында Сауд Аравиянын жана АКШнын ортомчулугу астында Жиддадагы сүйлөшүүлөрдө алган милдеттенмесин аткарбаса, жарандык турак-жайлардан жана коомдук объектилерден чегинбесе, Рамазан айында ок атышпоо мүмкүн эместиги айтылды.

Ошондой эле Хемедти деген ат менен белгилүү болгон топтун лидери Мохамед Хамдан Дагалонун жана анын үй-бүлөсүнүн Судандын келечектеги саясатында же аскеринде ролу болбошу керектиги айтты.

Судан армиясы менен (АЫТ) ортосундагы согуш 2023-жылдын апрелинин орто ченинде жарандык башкарууга өтүү планы боюнча чыңалуудан улам тутанган. Эки фракция 2021-жылы төңкөрүш жасаган, ал 2019-жылы автократиялык мурдагы лидер Омар ал-Башир кулатылгандан кийин мурунку өткөөл мезгилди жокко чыгарган.

Судан армиясы согуштун алгачкы күндөрүндө көп жогтууларга дуушар болду. АЫТ салгылашуулардын алгачкы күндөрүндө борбордун көп бөлүгүн басып алган.

Бирок жакында армия Хартум жана Бахри менен бирге Нил менен бөлүнгөн ири борборду түзгөн Омдурманда бир аз жерди көзөмөлүнө алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM