Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Мамлекет бардык диний көз карашты урматтайт

Кыска кабар | 11 Мар 2024 | 184 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

Садыр Жапаров мамлекет бардык диний көз караштарга, ишенимдерге терең урматтоо менен мамиле жасай турганын белгиледи.

Ошондой эле Орозо жан дүйнөнү тазалоо менен бийик максаттарга жетүүгө шыктануунун айы катары сыпатталып, мусулман жамааты үчүн ыйык жана касиеттүү ай деп саналарын айтты.

«Баарыбыздын биргелешкен иш-аракетибиз менен өлкөбүздүн өнүгөөрүнө жана алдынкы өлкөгө айланарына терең ишенем! Андыктан жан дүйнөбүздү жаман ойлордон арылталы, пейилибизди түзөп, жаркын келечек курууга ар бирибиз оюбуз, ниетибиз, иш-аракетибиз менен кол кабыш кылалы» , — деди Садыр Жапаров.

Ислам дининдеги ыйык Рамазан айы 11-мартта башталды. Мусулмандар 30 күн орозо кармайт. Орозо 10-апрелде Айт майрамы менен жыйынтыкталат.

Copyright © 2017 Maral FM