Connect with us

Кыргызстан эл аралык деңиз уюмуна мүчө болду

Кыска кабар | 10 Мар 2024 | 376 | 0

Кыргызстан эл аралык деңиз уюмуна (IMO) кирди. Бул тууралуу уюмдун сайтында маалымдалды.

IMO эл аралык деңиз уюму БУУнун адистештирилген мекемеси.Негизги милдети суу жолундагы коопсуздукту жана ишенимди камсыз кылуу, деңиздердин булганышын алдын алуу. Аталган уюмга учурда 176 өлкө мүчө.

Уюм 1959-жылдан тарта иш жүргүзүп келет.

Эл аралык деңиз транспорту дүйнөлүк сооданын 80 пайыздан ашыгын дүйнө жүзүндөгү элге жана коомчулуктарга жеткирет. Океан аркылуу жүк ташуу — эл аралык ташуунун эффективдүү жана үнөмдүү жолу.

Copyright © 2017 Maral FM