Connect with us

Кыргызстанда «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын экинчи этабы башталды

Кыска кабар | 10 Мар 2024 | 336 | 0

Кыргызстан узак мөөнөттүү стратегияларды иштеп чыгууда Бириккен арап эмираттарынын тажрыйбасын колдонот.

Бул тууралуу 7-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанга келген Бириккен Араб Эмираттарынын атаандаштык жана билим алмашуу боюнча министринин орун басары Абдулло Нассер Лута баштаган делегация менен жолугушканда айтты.

БАЭ делегациясы «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын 2-этабынын башталышына байланыштуу Кыргызстанга келишкен.

“Биздин мамлекеттердин биргелешкен аракеттеринин аркасында алдыга коюлган максаттар күткөнүбүздөн да ашып түштү. Бул инновациялык долбоор кызматташтыктын ийгиликтүү жыйынтыгынын эң сонун үлгүсү болуп, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү» , — деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле Бириккен Араб Эмираттары 50 жана 100 жылдык узак мөөнөттүү стратегияларды иштеп чыгууда чоң тажрыйбага ээ экендигин белгилеп, бул багытта иштешүүгө кызыктарлыгын билдирди.

«Өкмөттүк акселераторлор» программасынын биринчи этабы 2023-жылы мартта ишке кирген. Анын алкагында, үч багыт боюнча долбоорлор ишке ашырылды.

-Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу;

-Электромобилдер үчүн электр станцияларын орнотууга уруксат алууну жөнөкөйлөтүү;

-Экспертизадан, кайра кароодон өтүүнүн, майыптуулук фактысын белгилөөнүн тартибин жөнөкөйлөтүү.

«Өкмөттүк акселераторлор» программасы — Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтү иштеп чыккан реформанын атайын механизми болуп саналат. Анын алкагында мамлекеттик органдар 100 күндүн ичинде көйгөйлөрдү чечип, коюлган максаттарына жетиши керек.

Copyright © 2017 Maral FM