Биз менен байланышыңыз

Жапония менен БУУнун Азык-түлүк программасы Кыргызстандын аймактарына жардам берет

Кыска кабар | 10 Мар 2024 | 187 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года, БУУнун Азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлү Кожиро Накай менен үч тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Анда Кыргызстанга эл аралык жардам көрсөтүү маселеси талкууланганын аталган министрликтен кабарлашты.

Жыйынтыгында калктын аялуу катмарына азык-түлүк жардамы аркылуу өзүн-өзү камсыздоону колдоо боюнча долбоорго кол коюлду.

Анын алкагында Баткен, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын тургундарына инфратүзүмдөрдү камсыз кылуу, импортко көз каранды болгон азык-түлүктү (ун, өсүмдүк майы ж.б.) берүү, өз кесибинде, ишкердикте, ошондой эле айыл чарбасында квалификациясын жогорулатуу аркылуу жардам көрсөтүү каралган. Ал үчүн окутуулар өткөрүлөт.

“Социалдык контракттын негизинде жардам көрсөтүү” программасынын катышуучулары үчүн да уюштурула турган окутууларга 3,5 миллион доллар бөлүнөт.

Буга чейин Жапония өкмөтүнүн колдоосу менен Баткен облусунда өрүк майын өндүрүү, Нарын облусунда дары чөптөрдү кайра иштетүүчү ишканалар ачылган.

Copyright © 2017 Maral FM