Биз менен байланышыңыз

«Марал» радиосунун Орозо айына карата атайын уктуруулары (тизме)

Кыска кабар | 9 Мар 2024 | 379 | 0

Кыргызстанда ыйык Орозо айы 11-мартта башталfn. «Марал» угармандар, окурмандар жана көрүүчүлөр үчүн Рамазан айына карата программаларын сунуштайт.

 «Берекелүү Рамазан» программасы

Бул берүүдө дин аалымдары, коомчулукка белгилүү инсандар, илим изилдөөчүлөр менен маек болуп, көрөрман, угармандар үчүн керектүү кеңештер айтылат. 40 мүнөттүк берүүнү «Марал» радиосунан угуп, Фейсбуктагы баракчабыздан жана «Марал радиосу» youtube каналынан көрө аласыздар. Программа күн сайын ооз ачарга 40 мүнөт калганда башталып, соңунда ооз ачар дубасы кылынат. Эфирдин убактысы ооз ачардын убактысына карап жылып турат.

Ооз бекитүү жана ачуу убактыларында эфирден азан айтылып турмакчы.

«Укма китеп» долбоору

Күн сайын саат 15:00дө угармандарга китеп окуп беребиз. Куттуу Орозо айынын урматына диний багыттагы китептерди сунуштайбыз. Алгач орозо тууралуу кеңири түшүнүк берилген «Ырайым жааган Орозо» китеби эфирге коюлат.

«Аалымдан асыл жооп» программасынын кайталоосу

Маркум Чубак ажы Жалиловдун «Марал» радиосунда чыккан «Аалымдан асыл жооп» программасынын Орозо айына байланыштуу сабактары жана андагы суроо-жооптордун кайталоосу 30 күн бою кечки саат 22:00дө обого чыгат.

Ошондой эле маал-маалы менен хадистер жана диний ырлар, окуялар да коюлат.

Кармаган орозоңуздар кабыл болсун!

Эми күн сайын радиодон төмөнкү программаларды уга аласыз:

Убактысы  Программалар
Ооз бекитүү маалында Азан
08:05  Күнүнө бир аят, хадис, оку
11:00 Күнүнө бир аят, хадис, окуя
13:00 Күнүнө бир аят, хадис, окуя
15:00 «Укма китеп» долбоору («Ырайым жааган Орозо» китеби)
Ооз ачарга 40 мүнөт калганда «Берекелүү Рамазан» ТВ-радио программасы (ооз ачуу убактысына карап жылып турат)
Ооз ачуу маалында  Азан
22:00  «Аалымдан асыл жооп» программасынын кайталоосу (Чубак ажы Жалиловдун архивдеги сабактарынан)

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM