Биз менен байланышыңыз

9-мартта айрым аймактарда кар жаайт

Кыска кабар | 8 Мар 2024 | 139 | 0

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 9-мартта түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жааашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген  шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1, +4, күндүз +12, +17;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3, +2, күндүз +8, +13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0,+5, күндүз +12,+17;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0, -5, күндүз +3,+8;

Нарын облусунда түнкүсүн -11, -16, күндүз -1, +4.

Бишкекте түнкүсүн 0, +2°, күндүз +15, +17° жылуу болушу күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM