Биз менен байланышыңыз

Швециянын НАТОго мүчө болгону расмий жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Мар 2024 | 227 | 0

Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон менен тышкы иштер министри Тобиас Билльстрём өз өлкөсүнүн Түндүк Атлантикалык Келишим Уюмунун (НАТО) катарына кошулганын ратификациялаган документтерди АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенге тапшырды. Бул тууралуу «Рейтерс» маалымат агенттиги сайтына жазды.

Вашингтон шаарында болгон кездешүүгө НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг да катышып, «Бул – тарыхый күн. Швеция мындан ары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча НАТОдо мыйзамдуу ордун ээлеп, альянстын саясатын жана чечимдерин аныктоодо башка мүчө мамлекеттердей эле укукка ээ болот», — деди.

Швеция Өкмөтү дүйшөмбү күнү НАТОнун Брюсселдеги башкы кеңсесинин алдына өз өлкөсүнүн желеги илинерине ишенимин билдирди.

Швеция Орусия Украинага кол салгандан кийин бейтарап пикирден баш тартып, НАТОго мүчө болууну чечкен. Бул мамлекет арызын былтыр Финляндия менен чогуу тапшырган. Бирок Түркия менен Венгриянын каршылыгынан улам мүчөлүккө өтүшү чечилбей турган.

Түркия ушул жылдын январь айында пикирин өзгөртүп, Швецияны колдоону чечкен. Ал эми венгер парламенти жаңы президент Тамаш Шуёк шайланып келгенден кийин, 26-февралда колдоп беришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM