Биз менен байланышыңыз

Мальдив аралдарын мындан ары Индия эмес, Кытай коргойт

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Мар 2024 | 223 | 0

Буга чейин Индиянын армиясы кайтарып келген Мальдив Республикасын коргоо милдети Кытайга өтөт. Бул тууралуу BBC маалымат кызматы жазды.

Индия аралдагы аскерлерин жекшембиден тарта чыгарып кетүүнү баштайт. Аларга май айына чейин мөөнөт берилгенин арал мамлекеттин президенти Мохамед Муиззу белгилеген.

Айта кетсек, ноябрь айында бийликке келген президент Муиззу шайлоого талапкерлигин коюп жатканда, Индиянын аскерлерин өлкөсүнөн чыгарууну программасына кошкон.

Индия аралдардан турган Мальдив мамлекетине көптөн бери таасирин тийгизип келген, алардын стратегиялык жайгашуусу Инд океанынын маанилүү бөлүгүн көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген. Бирок акыркы бир нече айда Мохамед Муиззунун Индия бийлигин катуу сынга алышы өлкөлөр аралык мамилени начарлатып жиберген.

Табияты кооз бул чөлкөм Азиядагы державалардын кызыгуусун арттырып, көз арткандар жыл санап көбөйүп барат. Жарым миллионго жакын калкы бар Мальдив мамлекети азиялык күчтөрдүн атаандаштыгына түшүп калуу коркунучу алдында турганын эл аралык эксперттер белгилеп келишет.

Аралга көз арткан ири державалардын катарында Кытай туруп, бир нече жылдар бою инфраструктурасын оңдоо, экономикасын өнүгүү үчүн миллиард доллардан ашык насыя берген.

Мальдивдин мамлекет башчысы Мохамед Муиззунун январь айындагы Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында «аскердик жардам көрсөтүү» келишимине кол койгон.

Мохамед Муиззу шейшембиде өлкө калкы менен жолугушуп, Кытай аскердик жардамын бекер берерин, Мальдив коопсуздук күчтөрүн бекер машыктыра турганын маалымдаган.

Бул келишим ушул аралда аскердик машыгууларын өткөрүп келген Индия менен АКШнын тынсыздануусун жаратууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM