Биз менен байланышыңыз

Антониу Гутерриш Судандагы тараптарды согушту токтотууга чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Мар 2024 | 201 | 0

7-мартта БУУнун башкатчысы Антониу Гутерриш Судандагы тараптарды Рамазан айына карата согушту токтотууга чакырды. Бул тууралуу «Рейтерс» маалымат агенттиги жазды.

«Согуштук аракеттерди токтотуу өлкө боюнча куралдын үнүн биротоло басууга алып келиши керек жана Судан эли үчүн туруктуу тынчтыкка карай бекем жолду аныкташы керек», — деди Гутерриш Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсүнө.

Коопсуздук Кеңеши Улуу Британия иштеп чыккан резолюция боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Резолюцияда Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосундагы дээрлик бир жылга созулган согушту токтотуу, келерки жумада баштала турган Рамазан айына карата тараптарды элдештирүү чакырыгы камтылган.

Улуу Британиянын БУУдагы элчисинин орун басары Жеймс Кариуки долбоордун текстин жума күнү добушка коюуга үмүттөнүп жатканын билдирди. Резолюция кабыл алынышы үчүн кеминде тогуз «макул» добуш керек. Ошондой эле АКШ, Орусия, Британия, Кытай жана Франция вето койбошу зарыл.

АКШ жана башка мамлекеттер согушуп жаткан тараптарды адамзатка каршы кылмыштарды жасоого, этникалык тазалоого айыпташууда.

БУУ Судан калкынын 25 миллионго жакыны жардамга муктаж экенин, 8 миллионго жакыны үй-жайын таштап кеткенин, өлкөдө ачарчылык күчөп, анын кесепетинен жаш балдар өлүп жатканын кабарлады.

Суданда 2023-жылдын 15-апрелинде башталган жарандык согуш ушул кезге дейре токтобой келет. Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосундагы талаштуу маселелер курчуп, чечилбей турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM